• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Премьер-министр Абылгазиев кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жалпы кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарды куттуу Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!

Руханий жактан жаңылануунун айы болуп саналган ыйык Рамазан баарыбызды сабырдуулукка, кайрымдуулукка, боорукерликке жана кечиримдүүлүккө чакырат. Кыргызстанга гана эмес, дүйнө коомчулугуна келген сыноону жеңүүдө мына ушул улуу сапаттардын мааниси зор.

розо айында кыргызстандыктарды ынтымак менен ырашкерликке үндөп, камкордуктун жана адамдык мамиленин жылуулугун сезе алгандай жакшы иштерди жасоого чакырам.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, кажыбас кайрат, жан дүйнөңүздөргө тынчтык, жүрөгүңүздөргө ыйман тилейм.

Жараткан туткан орозоңуздарды кабыл кылсын!

Пикир

Оставить комментарий