• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Премьер-министр Абылгазиев Нарын облусун кыдырат

Өкмөт 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Өкмөт башчы сапардын алкагында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чарага, Кочкор айылында анын атындагы музей имаратынын пайдубалына капсула салууга катышат.

Премьер-министр ошондой эле Комсомол айылында С.Өмүрбаев атындагы орто мектептин ачылышына катышып, Нарын облусунун Кочкор айылындагы бир катар социалдык жана маданий объекттерди кыдырмакчы.

Пикир

Оставить комментарий