• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер-министр Абылгазиев: Жагдай оор, бул тууралуу ачык айтуу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндөгү эң башкы милдет – бул биздин жарандардын саламаттыгы. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

«Өзүңүздөр көрүп тургандай жагдай оор. Бул тууралуу ачык айтуу керек. Биз бюджеттин бажы алымдары боюнча түшпөй калышы 12-13 млрд сомду, салык боюнча 15 млрд сомдон көп сумманы түзөөрүн болжолдоп жатабыз. Жалпысынан алганда, учурдагы кырдаал өзгөрбөсө, анда бюджетке 450 миллион АКШ долларына жакын түшпөй калат. Ошону менен бирге белгилей кетсем, биз бардык багыттар боюнча социалдык милдеттенмелерди аткарабыз. Бирок бул бюджеттик чыгымдарды оптимизациялоо боюнча чечкиндүү талаптарды жана биз аткара турган чыгышалар беренелерин кайра кароону талап кылат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, Өкмөт жардам берүүгө даяр эл аралык өнөктөштөр менен жигердүү иштөөнү демилгеледи.

Премьер-министр ар бир тармак боюнча антикризистик программанын алкагында иш аракеттердин так планы даярдаларын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө эң башкы милдет - бул жарандарыбыздын саламаттыгы. Экинчи багыт - экономикалык блок, валюта рыногу, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн тартыштыгына жана баасынын жогорулашына жол бербөө», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий