• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер-министр Абылгазиев Жалал-Абад жана Ош облустарын кыдырат

Өкмөт 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылы аткарган иштерин жана 2020-жылдагы милдеттерин талкуулаган кеңейтилген коллегиясына катышат.

Мындан тышкары Өкмөт башчы Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий