• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер-министр Айбек Калиев менен Узак Кыдырбаевди кызматынан бошотуу тапшырмасын берди

Өкмөт 0

Бишкек, 10.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-апрелде, үстүбүздөгү жылдын 26-январында Бишкек шаардык ЖЭБдеги штаттан тышкаркы абалдын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2-февралдагы буйругу менен түзүлгөн Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы Ведомстволор аралык комиссиянын корутундусун карап чыгуу менен тийиштүү мамлекеттик органдарга анын чечимин аткарууну тапшырды. Тактап айтканда, республиканын жылуулук менен камсыздоо тутумунун ишинин туруктуулугун жогорулатуу жана келечекте мындай абалдын жаралышына жол бербөө, энергетика жаатындагы мыйзам базасын өркүндөтүү, республиканын отун-энергетикалык комплекс ишканаларынын жабдууларынын күз-кыш мезгилин өтүүгө даярдыгын жана башка иш-чараларды көзөмөлдөө боюнча ишти күчтөндүрүү тапшырылды.

«Мен Комиссиянын корутундусу менен таанышууда Бишкек ЖЭБдеги орун алган абалга ишке болгон шалаакылык мамиле себеп болгон деген пикирге келдим, анын натыйжасында кышкысын шаар толугу менен жылуулуксуз калды, бул – кечирилгис нерсе. Аталган факты боюнча, тийиштүү жетекчиликтин жана компания кызматкерлеринин, бардык чиновниктердин аракеттерине юридикалык баа берүү тууралуу менин кайрылуум боюнча, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иш-чаралары жүрүүдө», - деп белгиледи Сапар Исаков.

Мындан тышкары, Премьер-министр келерки күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү максатында өлкөнүн энергетикалык тармагынын ишканаларынын 2018-жылга карата ишинин туруктуулугун камсыздоо боюнча Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча жыйынтык чараларды кабыл алууну, кандайдыр-бир авариялык абалдын жаралышында пайдаланылчу тийиштүү нускамаларды даярдоону тапшырды.

Буга катар Премьер-министр кадрдык мүмкүндүктү күчтөндүрүү жана энергетикалык тармакка жогорку квалификациялуу адистерди тартуу үчүн шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

Өкмөт башчы Бишкек ЖЭБ ыкчам кызматкерлеринин аракеттери аварияларды жоюу боюнча нускамаларды бузуу менен жүргүзүлгөндүгү тууралуу ведмстволор аралык комиссиянын корутундусун колдоого алуу менен Комиссия корутундусунда көрсөтүлгөн жоопкер жактарга карата тартиптик чаралары көрүүнү тапшырды.

«Бирок өз жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн аткарган Бишкек шаардык ЖЭБдин катардагы кызматкерлерине карата тартиптик чараларды кайрадан карап чыгуу зарыл, алардын күнөөсү анчалык эмес. Процессти башкаргандар үчүн катардагы кызматкерлер жоопкерчилик тартпашы керек», - деп белгиледи Сапар Исаков.

Кеңешме жыйынтыгында Премьер-министр «УЭХК» ААК Башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевди жана «Электр станциялары» ААК башкы директору Узак Кыдырбаевди ээлеген кызматынан бошотуу тапшырмасын берди.

Сапар Исаков «УЭХК» жетекчилигин кыматтан бошотуу боюнча чечим жетекчиликтин коомчулукка жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына Бишкек шаардык ЖЭБ тегерегинде түзүлгөн кырдаалды, тактап айтканда, обьекттеги модернизациянын жүрүшү жана штаттык эмес абалдын келип чыгуу себептери жөнүндө түшүндүрүү боюнча тийиштүү чараларды кабыл албагандыгы менен байланыштуу экендигине басым жасады.

«Мен, Айбек Калиевди Улуттук энергохолдинг жетекчиси, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү компаниясына жоопкер жак катары кызматтан бошотуу чечимин кабыл алдым. Мен Ведомстволор аралык комиссиянын иликтөө жыйынтыгын күттүм. Жыйынтыгында белгилүү болгондой, Улуттук энергохолдинг депутаттарга жана кеңири коомчулукка ЖЭБди модернизациялоо боюнча негизги темаларды түшүндүрүп бере алган жок», - деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бишкек шаардык ЖЭБдеги авариянын себептерин жана ЖЭБди модернизациялоо боюнча алынган 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү

кредиттин натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу комиссиясынын ишинин жыйынтыктары эске алынаарын баса белгиледи.

Премьер-министр Сапар Исаковдун тапшырмасы боюнча тартиптик чаралар кабыл алына турган жактардын тизмеси:

Бишкек шаардык ЖЭБ боюнча:

- Мындан мурда Бишкек шаардык ЖЭБ директору Омуркул уулу Нурлан кызматынан алынган, буга катар Бишкек шаардык ЖЭБ жетекчилик курамынын бир катар кызматкерлерин ээлеген кызматынан бошотуу сунушталууда.

«Электр станциялары» ААК боюнча:

Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы кызматынын начальниги Сергей Абдулхаировго катуу сөгүш жарыялансын.

Техникалык директор Алмаз Жусупбеков, гидротехникалык кызматтын начальниги Кубанычбек Манкиев, жылуулук техникалык жабдууларын пайдалануу жана ремонттоо кызматынын начальниги Урмат Мамбетов ээлеген кызматынан бошотулсун.

Белгилүү болгондой, мындан мурда башкы директордун биринчи орун басары Бердибек Боркоев кызматтан бошотулган.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК боюнча:

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башчысынын орун басары Нурлан Садыковго катуу сөгүш жарыялансын.

Энергетикалык тармакты көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдар боюнча:

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Уланбек Рыскуловго, анын орун басары Азамат Оморовго катуу сөгүш жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Болот Жусуевге катуу сөгүш жарыялансын.

Пикир

Оставить комментарий