• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Премьер-министр артын карабай иштеши керек — Жумагулов

Коом 0

Бишкек, 14.09.20 /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрь күнү Бишкекте «Жаңы өкмөттө реформалар керекпи жана премьер-министрлик кызматына көрсөтүлчү талапкерлер» аталышында тегерек стол өтүп жатат. Иш-чара саясий таануучулардын эл аралык конгресси тарабынан уюштурулган.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын эксперттери алдыдагы парламенттик шайлоону талкуулап, шайлоого байланышкан маселелерди сөз кылышат.

Апас Жумагулов алдыдагы шайлоо жана болочок премьер-министр жөнүндө өз ойлору менен бөлүштү.

«Бүгүнкү кырдаал чындыгында оор, эгерде бүгүн иштебесе, анда келечек жакшырбайт. Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердей экономикабыз, маданиятыбыз жана башкаларыбыз өнүгүп, биз алдыга жылалы десек, анда биринчи кезекте республикада кабыл алынган мыйзамдар иштеши керек. Алар иштемейинче, тартип жана өсүш болбойт. Эгерде премьер-министр эмне болот же болбойт деп этияттык менен иштесе, анда ийгилик болоруна ишенбей деле койсо болот. Анткени, сурап алчу жооптуу адам жок болот. Бул маселени жакынкы мезгиле чечүү керек. Биринчи кезекте конституциялык маселелерди чечүү абзел. Эгерде тартип болсо, анда дайындалган жана шайланган премьер-министрге мүмкүнчүлүк берилет. Андан тышкары, кадрларды тандоо маселесине өзгөчө маани буруу керек», - дейт Жумагулов.

Пикир

Оставить комментарий