• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Премьер-министр Бүткүл дүйнөлүк банктын БА боюнча аймактык директору менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 03.03.20./Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана келечектүү кызматташууга тийиштүү маселелер талкууланды.

Улуттук экономиканын артыкчылыктуу багыттарында өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди активдештирүү зарылдыгы баса белгиленди.

Аны менен бирге республиканын тоо кен, энергетика жана транспорт чөйрөлөрүндөгү дараметин жүзөгө ашыруу багытында мындан аркы иштешүү маселелери талкууга алынды.

Мындан тышкары Борбор Азияда аймактык сооданы өнүктүрүү шарттарын жакшыртуу, анын ичинде регион үчүн жалпы ветеринардык жана фитосанитардык ченемдердин системасын түзүү тууралуу сөз болду.

Тараптар билим берүү, аймактарды өнүктүрүү, жалпы суммасы 145 млн АКШ долларына салык жана статистика системасын модернизациялоо долбоорунун маанилүүлүгүн белгилешти. Учурда алар боюнча күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедуралар жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев жана Лилия Бурунчук коронавирустун өлкө аймагына киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан иш-аракеттерди, алдын ала коргонуу чараларын ишке ашырууну талкуулашты.

Премьер-министр белгилегендей, компетенттүү органдар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен тыгыз байланышта болуп, кырдаалды көзөмөлдөө боюнча масштабдуу иштерди жасап жатышат.

Лилия Бурунчук өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк банк Өкмөттүн көрүп жаткан бардык чараларын колдоого даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий