• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер-министр Беларусиянын КРдагы ыйгарым укуктуу элчисин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-мартта, Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Виктор Денисенко менен анын өлкөдө анын дипломатиялык миссиясы бүткөндүгүнө байланыштуу жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчысы Виктор Денисенкого Кыргызстанда жүргөндө жүргүзгөн ишмердүүлүгү жана кыргыз-беларусь кызматташтыгына жана еразиялык интеграция алкагындагы активдүүлүгүнө ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстан эки өлкө ортосундагы саясий диалогду колдоого жана башка көп тармактуу кызматташууга зор маани берет», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр элчиге иш учурунда соода-экономикалык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын иши жана эки өлкө ортосунда бул багытта байланышты бекемдөө милдети жүктөлгөнүн баса белгиледи. Ал бул багытта Виктор Денисенконун аткарган иштери тууралуу билдирди.

Элчи Виктор Денисенко анын кызматтык учурунда негизги миссиясы эки өлкө ортосундагы байланышты чыңдоо болгонун билдирди.

«Мен иштеп турган учурда Кыргызстанда өлкө экономикасы үчүн маанилүү болгон ишкана ачылаганы мени кубандырат. Беларусь Республикасы айыл чарба, траснпорт, билим берүү тармагында кызматташууга кызыкдар», – деди ал.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Виктор Денисенконун кийинки дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий