• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Премьер-министр «Бишкек-Кара-Балта» унаа жолундагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 6-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-майда, «Бишкек–Кара-Балта» унаа жолундагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Бишкек–Кара-Балта» унаа жолу өлкөбүздөгү стратегиялык көп каттамга ээ болгон жолдордун бири. Муну эске алуу менен аталган жолду капиталдык реконструкциялоону баштоо жана жолду кеңейтүү чечими кабыл алынган. Аталган максатта финасы каражаттары бөлүнүп, аны колдонуу жана иштин сапаты катуу көзөмөлгө алынат», - деп баса белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, «Бишкек–Кара-Балта» унаа жолун реконструкциялоо боюнча өткөрүлгөн тендерде жеңүүчү компания оңдоо иштерин 2017-жылдын 20-майында бүткөрүүсү керек.

«10 күндөн соң аткарылган иштерди жана «Бишкек–Кара-Балта» унаа жолун реконструкциялоо боюнча компаниянын даярдыгын жеке өзүм текшерем. Жалпы республика үчүн аталган унаа магистралынын маанилүүлүгүн эске алып, реконструкциялоо боюнча иштер 24 саат бою жүргүзүлүүгө тийиш. Жүргүзүлгөн иштер жана сапаты жогорку стандартка ылайык болушу керек», -деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Андан соң Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Маловодное айылындагы салмак габариттик көзөмөл пунктунун иши менен таанышты.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө салмак габариттик көзөмөл пунктунун иши боюнча парламент депутаттары, айдоочулардын өздөрүнөн көптөгөн даттануулар келип түшүүдө. Салмак габариттик көзөмөл пунктунун айрым кызматкерлерин коррупцияга айыпташууда. Алар акча үчүн ашыкча жүктөлгөн фураларды өткөрүп, анын жыйынтыгында жолдун катмары бузулууда», - деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, КРнын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго кайрылып жатып.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу салмак габариттик көзөмөл департаментинин директору Эмилбек Таштаналиев маалымдагандай, коррупция менен күрөшүүнүн алкагында салмак габариттик пунктунун 260 кызматкери мыйзамсыз жыйымдар жана жемкорлук үчүн айыпталып, жумуштан алынган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, мыйзамсыз жыйымдар менен күрөшүүнүн бирден-бир механизми салмак габариттик көзөмөл пунктарында мобилдик түйүндөрдү жана жүк ташууларды көзөмөлдөөчү онлайн системасын ишке киргизүү болуп саналат. Аталган системаны 2017-жылдын 20-майына чейин ишке киргизүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий