• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Премьер-министр “Бишкек токой паркы” долбоорун жактырды

Коом 0

Бишкек, 28.02.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Премьер-министр Сапар Исаков “Бишкек токой паркы” долбоорун жактырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өкмөт башчынын басма сөз катчысы Урмат Кабылова билдирди.

Ал Исаков Бишкек мэриясына бул долбоорду ишке ашыруу чараларынын планын дыкат иштеп чыгууну тапшырганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык муниципалитети борбордун экологиялык абалын жакшыртууга багытталган “Бишкек токой паркы” долбоорун иштеп чыгууну демилгелеген.

Аталган долбоорду ишке ашыруу калаанын айлана чөйрөсүн жашыл аянттарды көбөйтүү менен жакшыландырууга таасир берет.

Шаардыктарга бул демилге тууралуу кошумча маалымат жакынкы убактарда берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий