• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Премьер-министр Бишкектеги жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте борбордук көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү учурунда жол кыймылын оптималдаштыруу боюнча натыйжалуу чараларды ыкчам көрүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковго бул маселени ыкчам чечүүнү көзөмөлгө алууну тапшырды.

Премьер-министрдин айтымында, унаа айдоочулар жана шаардыктар үчүн жол иштерине байланыштуу ыңгайсыздыктарды азайтуу зарыл. Мындай маселелерди создуктурууга жол бербөө керек жана зарыл шартта шаардыктардын жана калаа меймандарынын кызыкчыгында бир жактуу көчөлөрдө убактылуу эки тараптуу кыймылды уюштуруу мүмкүндүгүн карап чыгуу абзел. Мындай чараларды курулуш иштерин баштаганга чейин ойлонуу кажет.

Өкмөт башчы белгилегендей, борбор шаардын көчөлөрүнүн көп бөлүгүндө кыймылдын жыштыгы бүгүнкү күнү алардын өткөрүү жөндөмүнө дал келбейт. Ошону менен бирге оңдоо иштерин жүргүзүү жол кыймылына түз таасирин тийгизип, айрым көйгөйлүү көчөлөрдө унаа тыгындарынын пайда болушуна алып келет.

Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилген күндөн тартып, борбордо бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген, ыңгайлуу жана ойлонулган жол-транспорттук тутумду камсыздоо керектигин баса белгилеп келет.

Долбоор ишке киргизилгенден кийин жол инфратүзүмүн өркүндөтүү жана жол кыймылын уюштурууну жакшыртуу боюнча чоң иштер жасалды. Муну менен бирге компетенттүү органдар шаардыктардын пикирин эске алууга аракеттенишет жана өз иштерин дайыма тууралап турушат. Премьер-министр жол агымы жыш учурда убакытты үнөмдүү пайдалануу үчүн светофордук жөнгө салууну талдоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырган.

Буга байланыштуу Премьер-министр жолдорду реконструкциялоо жана курууда жаңы ыкмаларды киргизүү менен катар оптималдуу архитектуралык-пландаштыруу жана технологиялык чечимдерди пайдалануу маселелерин терең карап чыгууга кайрадан кайтууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий