• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер-министр: Бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү өкмөттүн эң артыкчылыктуу багыттарынын бири

Өкмөт 0

Бишкек, 06.11.18 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бизнес чөйрөнү өнүктүрүү өкмөттүн эң артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн кезектеги жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Ал кабарлагандай, Кыргызстандагы бизнес климаттын жакшырып жатканын эл аралык «Бизнес жүргүзүү» рейтинги белгилеп жатат. Бул рейтинг боюнча Кыргызстан жети позицияга – 77-орундан 70-орунга көтөрүлдү. Аналитиктердин чыгарган жыйынтыгы боюнча бизнеске жагымдуу шарттарды түзүү жана насыяларды алууда жеңилдиктерди түзүү ушундай жыйынтыктарга алып келди.

“Биз Жогорку Кеңештен “Doing bisness” боюнча алдыңкы 50 өлкөнүн тизмесине киребиз деп айтканбыз. Азыркы көрсөткүчтөр көрсөткөндөй биз 3-4 айдын ичинде ушундай жетишкендиктерге жеттик. Ушул жол менен жылсак “Doing bisness” рейтинги боюнча биз алдыңкы 50 өлкөнүн ичине аз убакыттын ичинде кире алабыз”, - дей билдирди премьер-министр.

Анын айтуусунда үсүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жакшы натыйжаларды көрсөттү. “Өзүбүздүн экономикалык саясатыбыз туура бараткандыгын, кирешенин көбөйгөндүгүн, жарандардын социалдык абалы жакшыра тургандыгын, айлык маянасы көбөйө тургандыгын тастыктайт. Бизнес өнүксө бардык маселелер чечилет”, - деп белгиледи Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий