• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Премьер-министр Боронов: Бүгүн кечке чейин миңден ашуун кошумча койко-орун даяр болот

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Бүгүн кечке чейин бир катар окуу жайлардын жатаканаларынын базасында 750 койко-орун жана «Манас» аэропортунан 400 кошумча койко-орун даяр болот. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов маалымдады.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы Кубатбек Боронов менен өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады.

undefined

Боронов Республикалык штаб, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Бишкек мэриясы, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү тарабынан коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Ыкчам медициналык жардам кызматтарынын ишмердигинин потенциалын жогорулатуу боюнча иштер жүрүп жатат. Медициналык кадрлардын жетишсиздиги маселеси медициналык окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттерин жана ординатурада окугандарды мобилизациялоо аркылуу чечилип жатат.

Ал калкка медициналык кеп-кеңеш берүү бөлүгүндө «118 түз байланыш» кызматынын ишмердиги күчөтүлгөндүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге Премьер-министр, пандемияга карабастан, мамлекеттин бардык социалдык милдеттемелери аткарылып, анын ичинде социалдык төлөмдөр жана айлык акылар өз маалында төлөнөөрүнө ишендирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө эң биринчи кезектеги милдет вирустун мындан ары жайылышына каршы күрөшүү жана бейтаптарды өз убагында кабыл алуу, аларды ооруканаларга жайгаштыруу экенин баса белгиледи.

Ошондой эле эпидемияга каршы иш-чараларды жалпы республика боюнча күчтөндүрүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий