• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Премьер-министр Боронов «Семетей» обсервациясынын иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. «Семетей» обсервациясындагы реанимацияда түзүлгөн шарттар адам өмүрлөрүн сактоого көмөк берет. Мындай ишенимди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов «Семетей» обсервациясынын иши менен таанышып, көчмө жыйын өткөргөн учурда билдирди.

«Бүгүнкү күндө COVID-19 шектелген оорулууларды кабыл алып жаткан көптөгөн медициналык мекемелер өнөкөт оорусу бар бейтаптарды кабыл ала алышпайт. Учурда дал ушул «Семетей» обсервациясында көптөгөн сандагы, башкача айтканда, 600 ашуун оорулуулар дарыланууда. Ошондуктан обсервациянын аймагында реанимация бөлүмү уюштурулган. Мында Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан да оорулууларды алып келүүдө», - деди Кубатбек Боронов.

Башкы реаниматолог Жамиля Чынгышова маалымдагандай, учурда реанимацияда 50 адамга эсептелген орун бар.

«40 жакын врач-реаниматологдор, ошондой эле клиникалык ординаторлор 4 сменада иш алып барууда. Реанимациялык блок бардык зарыл жабдуу менен жабдылган. Оорулууларды кычкылтек менен камсыздоо үчүн мында суюк кычкылтек концентраторлору жана өпкөнү дем алдыруучу аппараттар орнотулган. Реанимацияга дарты оорлошкон бейтаптар жаткырылгандыктан, жоготуулар да орун алууда. Медициналык кызматкерлер адам өмүрлөрүн сактоого колдон келген күч-аракетин жумшап жатат», - деп белгиледи реаниматолог Жамиля Чынгышова.

Өкмөт башчы зарыл болгон учурда кошумча күч тартылаарын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий