• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер-министр Боронов Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барат

Өкмөт 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов 21-22-августта Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы Ысык-Көл облусуна жасаган сапарынын алкагында социалдык объектилердин абалы, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу жайларын куруу иштери, «Таза суу» долбоорунун жүзөгө ашырылышы, күзгү оруп-жыюу жумуштарынын жүрүшү менен таанышат.

Мындан тышкары, Премьер-министр Кубатбек Боронов Каракол шаарындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл райондук ооруканасынын жугушту оорулар бөлүмүнүн имаратын ондоп-түздөө иштери менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий