• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер-министр Чүй облусунун бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырды

Өкмөт 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Кант түтүк-шифер өндүрүшү» ЖЧК ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

«Кант түтүк-шифер өндүрүшү» ЖЧКсы шифер, ар-кыл диаметрдеги цемент түтүктөрүн, фасаддык материалдарды жана цемент-кум черепицасын өндүрүүгө адистештирилген.

Өкмөт башчыга учурда тармак боюнча өнөр-жай продукциясын чыгаруунун жалпы көлөмүндөгү ишкана продукциясынын салыштырма салмагы болжол менен 7%ды түзөөрү тууралуу маалымат берилди. Завод жетекчисинин маалыматы боюнча, ал жаңы италиялык жабдуу менен жабдылган, бул ага Борбор-Азия аймагындагы бирден-бир атаандаштыкка жөндөмдүү ишканалардан болуусуна өбөлгө түзөт.

Ишкана 330 ашуун адамды жумушчу орун менен камсыздаган. Жылына болжолдуу түрдө 100 млн сом өлчөмүндөгү салык жана социалдык төлөмдөр төлөнөт.

Ишкананы кыдыруу учурунда белгиленгендей, 2014-жылдан тарта мында жаңы өндүрүштүк линияларды сатып алуу жана ишке киргизүү жолу аркылуу модернизация жүргүзүлүп, продукциянын ассортименти кеңейтилүүдө. Казакстан жана Россия өлкөлөрүнө продукцияны экспорттоо жүргүзүлүүдө.

Премьер-министр өндүрүштүк процесс жана ишкана чыгарган продукция менен таанышты. Ал өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу үчүн заманбап технолгияларды ишке киргизүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев аймактардын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында экспортко багытталган ишканаларга колдон келген көмөктү көрсөтүүнүн зарылдыгын дагы бир ирет баса белгиледи.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы «Кант нан заводу» нан азыктарын чыгаруу боюнча ишкананы көрүп чыкты. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу болжол менен жылына 300 тоннаны түзөт.

Пикир

Оставить комментарий