• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер-министр Чоң-Алай районундагы жер титирөө болгон жерге барды

Өкмөт 0

Бишкек, 7-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 7-майда, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу жер титирөө болгон Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди жана Шибээ айылдарына барды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, табият кырсыгынан жабыркаган турак үйлөрдү, социалдык жана инфраструтуралык объекттерди көрдү.

Ал жергиликтүү тургундарга Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан колдоо сөзүн билдирип, Өкмөт кырсыктын кесепеттерин ыкчам жоюуга мүмкүн болушунча максималдуу күчүн жумшай турганын кошумчалады. Сооронбай Жээнбеков бардык тиешелүү мамлекеттик органдар абалды өзгөчө көзөмөлгө аларын баса белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев билдиргендей, акыркы кезде Чоң-Алай районунда түрдүү магнитудадагы 16 жер титирөө катталган болсо, анын 8 и төрт баллдан жогору болгон.

Жалпысынан 993 турак үй текшерүүдөн өтүп, анын 8 толук жарактан чыккандыгы, 529 авариялык абалда экендиги жана 456 түрдүү оңдоолорго муктаж экени аныкталды.

Ошондой эле жергиликтүү оорукана да капиталдык оңдоого муктаж жана жер титирөөдөн мечит менен орто мектеп да жабыркаган.

Жабыркаган жергиликтүү элге 510 чатыр тигилип, ага 2964 адам жайгаштырылды.
Учурда жарандык коргоо органдары келтирилген чыгымдарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев бардык жабыркаган айыл аймактарында жергиликтүү элге тез медициналык жардамдарды көрсөтүү үчүн көчмө медициналык пункттар иштеп жатканын билдирди.

Абал менен таанышып чыккан Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн, мектеп окуучуларына мобилдүү билим берүү мекемелерин уюштурууну тапшырды.

Ошондой эле, жабыркаган айылдык пункттарга керектүү болгон курулуш материалдарын өз баасында жеткирүү иштерин уюштуруу маселеси да тапшырылды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда, өлкөдө 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында Чоң-Алай районунун бир катар айылдарына ирригациялык инфраструктураларды оңдоо каралганын баса белгиледи.

Ал дагы бир жолу өрттөн, жаратылыш кырсыктарынан турак жайды камсыздандыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, атайын ушул максатта Мамлекеттик камсыздандыруу уюму түзүлгөнүн билдирди.

Камсыздандыруу төлөмү айыл тургундары үчүн жылына 600 сомду түзүп, камсыздандыруу төлөө учурунда 500 миң сомго чейин төлөнөт.

Өкмөт башчы ошондой эле, бардык тиешелүү сейсмологиялык жана башка нормаларды эске алуу менен курулуш иштерин жүргүзүү керектигин билдирди.

Архитектура курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев билдиргендей бул максатта ведомство тарабынан жакын арада жергиликтүү элге таркатыла турган атайын брошюралар чыгарылды.

Эскерте кетсек, Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жана Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү максатында каражат чогултуу үчүн атайын эсеп ачылган, түшкөн акчалай каражат атайын комиссиянын жана жергиликтүү элдин катышуусунда бөлүштүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий