• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Премьер-министр электрондук кызматтар порталын сунуштады - portal.tazakoom.kg

Таза Коом 0

Бишкек, 10.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкекте portal.tazakoom.kg – электрондук кызматтар порталы сунушталды. “Таза коом” долбоорунун компоненти болгон жаңы кызматты Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков сунуштады.

Электрондук кызматтар порталы – бул Интернет аркылуу электрондук форматтагы мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүк түйүнү. Бүгүнкү күнү 14 кызмат жеткиликтүү. Бул электрондук системанын алгачкы версиясы жана долбоордун келечеги кең. Өлкө өкмөтү бул система өнүктүрүүгө, жакын арада кызматтардын санын көбөйтүүгө ниеттенүүдө.

Порталда жарандардын өздүгүн тастыктоонун корголгон жана ишенимдүү системасы, электрондук-санариптик кол тамгалардын юридикалык мааниси каралган.

Портал менен иштөөдө жарандар электрондук идентификациялык карта (жаңы айдикард) жана ридер алып, компьютерлерине атайын программаны орнотушу керек. Порталда катталуунун кереги жок, болгону паспорт жана ридер болушу жетиштүү.

Ошондой эле портал онлайн режиминже төлөм жүргүзүүгө туташтырылган. Төлөм VISA, MasterCard жана ЭлКарт банктык карталары аркылуу жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий