• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Премьер-министр: Эне жана баланы коргоо улуттук борбору заманбап жана таасирдүү медициналык борбору болушу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барып, ал үчүн курулуп жаткан имаратты көрүп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Объектти кыдыруу учурунда өкмөт башчыга билдиришкендей, бул курулушу бүтө элек объект учурдагы оорукана комплексинин бөлүгү болгонуна карабастан, 2004-жылы өкмөттүн чечими менен сатуу аркылуу мыйзамсыз менчиктештирилген.

Натыйжада узакка созулган соттук доолашуулардын жыйынтыгында объект Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кайтарылып, курулушу улантылган. Учурда 55 млн сомдук 20% курулуш иштери бүтө элек.

Премьер-министр белгилегендей, бир убактарда балдар ооруканалары өңдүү объекттер да бийлик тарабынан ойлонулбай туруп жеке колдорго берилип кеткен.

«Бүгүнкү күнү мамлекет өнөктөштөр менен биргеликте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун оорукана комплексинин бул блогунун курулушун аяктоо үчүн каражаттарды табат. Биз аны балдарыбыз үчүн заманбап жана бардык зарыл медициналык техника менен жабдылган борборго айлантышыбыз керек. Анткени ар бир ата-эне үчүн балдарынын саламаттыгынан маанилүү эч нерсе жок эмеспи», – деди өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий