• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Премьер-министр энергетика тармагынын жетекчилигин кескин сынга алды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.04.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын жетекчилигин жетишсиз иши үчүн кескин сынга алды. Мындай сын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында айтылды, анын күн тартибинде 2018/2019-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктары жана 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык каралды.

Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмиль Осмонбетов жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармагынын төрагасы Азамат Абдыкадыров маалымат беришти.

Өкмөт башчы билдиргендей, жыл сайын бир эле маалымат айтылат, анда натыйжалуу реформаларды жүргүзүү жана актуалдуу маселелерди чечүү боюнча сунуштар камтылган эмес.

«Энергетика чөйрөсү – экономиканын артыкчылыктуу тармагы. 40 мүнөттүн ичинде эки жетекчинин баяндамаларын уктук, бирок конкреттүү эч нерсе жок. Жыл сайын окшош эле маселелер айтыла берет. Бул жомокту биз 20 жылдан бери угуп келе жатабыз. Муну менен бирге абалды жакшыртуу боюнча эч кандай таасирдүү кадамдар жасалган эмес. Ошол эле учурда энергетика тармагы – экономиканын эң негизги өзөгү болуп саналат. Иштеп баштагыла, электр эсептегичтерди чыгарууну уюштургула. Продукцияларды – ошол эле зымдарды, электр чубалгыларын, трансформаторлорду импорттобой, атамекендик өндүрүштү колдоо керек. Ушул аркылуу миллиондогон сомдорду табууга болот. Силерде 1,4 млн абонент бар, ушунча сандагы эсептегичтерди башка өлкөлөрдөн алып келбестен, чыгарса болбойбу? Жогоруда аталган продукцияларды биздин өлкөдө өндүрүүнү уюштуруу кыйынбы?», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан соң Премьер-министр тарифтерди түзүүгө карата калк арасында ачык түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылды.

«Тарифтер кандай түзүлөөрү жана алар эмнеден турары жарандарга түшүнүксүз. Ал эми силер ортомчу компаниялардын кызматтарын пайдаланасыңар, алар мындан акча жасашат. Мына, сиз 4,5 млрд сом карыз топтолгон деп жатасыз. Электр энергиясын экспорттоо менен 1 млрд сом иштеп табабыз дейсиңер, калган 3,5 млрд эмне салык төлөөчүлөр төлөшү керекпи? 2028-жылы энергетика тармагына алынган насыялар үчүн жылына 10 млрд сом төлөп баштоо керек. Мындай темп менен биз аткара албайбыз. Ошондуктан бул жерде сүйлөгөндө, тармактын келечеги тууралуу айтуу зарыл. Мисалы, учурда бир катар ири энергетикалык объекттерди реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Силер электр энергиясынын көлөмү канчалык көбөйө турганы жана тармак канча киреше табары, анын ичинде өзүнүн өнүгүүсү үчүн канчалык иштей турганы жөнүндө айтышыңар керек», - деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев дагы бир ирет көрсөткөндөй, энергетика атамекендик экономиканын локомотиви болуп саналат, ал бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүгө зор таасир берет, андан бюджеттик тармактын кызматкерлерине эмгек акы төлөнүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий