• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Премьер-министр: ФАПтар зарыл дары-дармектер менен камсыздалышы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Фельдшердик-акушердик пункттар бардык зарыл дары-дармек каражаттары жана COVID-19га чалдыккандарды дарылоодо баштапкы жардам көрсөтүү үчүн медитодикалык куралдар менен камсыздалышы керек. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов берди.

«Дээрлик бардык айылдарда фельдшердик-акушердик пункттар бар. Алардын көпчүлүгүндө дары-дармек каражаттары жетишсиз. Өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу аталган бардык пункттарды COVID-19 дартын алгач дарылоо үчүн зарыл болгон дары-дармек каражаттары менен камсыздоо керек», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр белгилегендей, фельдшердик-акушердик пункттар бардык аймактар боюнча оорунун жайылышынын алдын алууда чоң роль ойнойт.

«Жергиликтүү тургундар адистердин кеңешин, же жардамын кайдан алаарын билиши керек. Ар бир жаран оорунун алгачкы белгилери пайда болсо, жергиликтүү фельдшердик пунктка кайрылышы зарыл, ал жерде квалификациялуу медициналык көмөк көрсөтүлөт. Организмдин абалынын начарлашына жол бербөө кажет. Оорусу күчөп кеткен бейтаптарды тез арада райондук, же облустук ооруканага жөнөтүү зарыл», - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Фельдшердик-акушердик пункттарда дары каражаттары жетишсиз болгон шартта жер-жерлердеги жетекчилер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигинин Дары-дармектер менен камсыздоо департаментине токтоосуз түрдө кайрылууга же мыйзам чегинде өз алдынча дары-дармектерди сатып алууну уюштурууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий