• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер-министр губерноторлор менен акимдерди мал союу цехтерин курбай жатышкандыктары үчүн сындады

Коом 0

Бишкек, 24 -февраль /Кабар/. КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн өкмөттүн жыйынында губерноторлор менен акимдерди мал союу цехтерин курбай жатышкандыктары үчүн сындады.

Анын айтымында, өлкөдө жалпысынан 45 мал союу цехтери курулушу керек.

“Азырынча жок дегенде 10 мал союу цехтерин куруу зарыл. Каражат бар, бирок курбай жатасыңар. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду бул цехтердин курулушун каржылоого даяр. Биз завод же фабрика кургула дегенибиз жок, жөнөкөй эле мал союу цехтерин кургула деп жатабыз. Таза, сапаттуу цехтерди куруу анчалык деле татаал эмес. Эсиңерге алып койгула, бул багытта ишти башташыңар керек”,-деди С.Жээнбеков губернаторлор менен акимдерге кайрылып.

Премьер-министр чет өлкөлөр КРдан продукция сатып алууну каалап жатышканын, маселе сапатта жана көлөмдө тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле, Министрлер кабинетинин башчысы логистикалык борборлордун курулушуна да токтолду.

“Биз чоң борборлорду курууну талап кылбайбыз, мүмкүнчүлүккө жараша кургула. Айталы, 1000 тонналык борбор болсун. Мисалы жакында Базар-Коргон районунда 400 тоннаны батыра алган логистикалык борбор курулду”, -деди ал.

Пикир

Оставить комментарий