• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер-министр II ДКОну даярдоо жана өткөрүүгө катышкан кыргызстандыктарга сыйлык тапшырды

Маданият 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүүгө катышкан кыргызстандыктарга сыйлыктарды тапшырды.

Расмий сыйлык тапшыруу аземинин жүрүшүндө Өкмөт башчы КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен өткөн оюндар 2016-жылдагы көрүнүктүү окуя болуп калды деп белгиледи.

“Көчмөндөр оюндары улантылат жана терең анализ жүргүзүлөт. Бирок, биз азыр бир катар оң жактарын атай алабыз. Биринчиден, Көчмөн оюндары дүйнөлүк окуя болуп калды, ага дүйнөнүн 53 өлкөсү катышты жана эл аралык майданда жогорку деңгээлде бааланды. Экинчиден, көчмөн цивилизациянын тарыхы менен сыймыктанууга дагы бир себеп пайда болду. Көчмөндөр Чыгыш менен Батышты бириктирип, алардын ортосунда маданият жана цивилизация менен алмашууга көпүрө түзүп турушкан. Үчүнчүдөн, кыргыздар уникалдуу эл экенин дагы бир жолу даңазалай алышты. Төртүнчүдөн, биздин эл ынтымактуу болуп калышты. Бешинчиден, өлкөнүн ичинде маданият, каада-салт жана тарыхка чоң маани берилди. Алтынчыдан, биз дүйнөгө Кыргызстандын жаратылышын, элибиздин меймандостугун көрсөтө алдык”,-деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн 200дөй адам сыйланууда анын ичинен 28и Өкмөттүн ардак грамотасы, төртөөсү Президенттин аты жазылган саат менен сыйланышты, андан тышкары бардык өнөктөштөргө жана демөөрчүлөргө ыраазычылык каттар берилди.

2-ДКО 2016-жылы 3-8-сентябрда Ысык-Көл облусунда өткөн. Иш-чаранын программасына 26 спорттун улуттук түрлөрү кирген.

Пикир

Оставить комментарий