• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Премьер-министр ИИМ жааматына Кашкар Жунушалиевди тааныштырды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-апрелде, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жааматына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болуп дайындалган Кашкар Жунушалиевди тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев райондук ички иштер бөлүмүнүн инспекторунан министрлик кызматка чейинки жолду басып өткөн Кашкар Жунушалиевдин чоң иш тажрыйбасын белгилеп өттү.

Премьер-министр уюшкан кылымыштуулукка каршы күрөш, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, жол-транспорт кырсыктарынын санын кыскартуу жаатындагы ишти күчтөндүрүү зарылдыгын белгилөө менен катар ведомствонун жаңы жетекчисинин ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий