• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер-министр Илим, инновациялар жана технологиялар боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 08.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Илим, инновациялар жана технологиялар боюнча кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы жыйында белгилегендей, атамекендик илим өнүгүүнүн тийиштүү деңгээлине чыкпай жатат.

«Бүгүн илим экономиканын реалдуу секторунун керектөөлөрүн камсыздоого багытталган эмес жана өлкө үчүн өнүгүү базасын түзүүгө жөндөмсүз. Биздин окумуштуулар алектенген илимий иштеп чыгуулар колдонулбайт. Бул каржылоо маселелерине жана заманбап материалдык-техникалык базанын, илимдин натыйжалуулугун жогорулатуу механизмдеринин жоктугуна байланыштуу. Мунун баары атамекендик илимди эл аралык деңгээлге чыгарууга тоскоол болууда», – деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө Улуттук илимдер академиясындагы реформалар, Кыргыз Республикасын 2020-жылга чейин илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу жана Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө баяндамалар угулган.

Анда белгиленгендей, Улуттук илимдер академиясы илимий жана материалдык ресурстарды кыйла натыйжалуу пайдалануу максатында илимий мекемелерди оптимизациялоо боюнча бир катар иш-чараларды жүзөгө ашырган.

Өкмөттүн колдоосу менен илимий кызматкерлердин эмгек маянасы 30% көбөйтүлгөн. Ал оптимизациялоонун эсебинен болгон.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, кыргыз илиминин учурдагы абалы аны өнүктүрүүгө зарыл шарттарды түзүү боюнча кардиналдуу кадамдарды талап кылат.

«Көп жылдар бою биздин илимге тийиштүү көңүл бурулбай келген. Бирок бүгүнкү күнү кыргыз илиминин заманбап деңгээлге чыгуусуна муктаждык курч экендигин түшүнүп турабыз. Ансыз өлкөнүн күчтүү жана заманбап экономикасын элестетүү кыйын. Биз күч-аракеттерибизди бириктирип, топтолгон маселелерди чечүүгө көңүл коюшубуз керек. Бул санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү саясатын илгерилетүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын маанилүү бөлүгү болот», – деген өкмөт башчы.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Кеңештин мүчөлөрү илим жана илимий-техникалык саясат жаатындагы ченемдик-укуктук базаны кайра карап чыгууну жана жакшыртууну, мамлекеттик буйрутманын негизинде бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү жана аларды 2020-жылдан тартып максаттуу пайдалануу боюнча ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгууну тапшырышты.

Билим берүү жана илим министрлигине ЖОЖдордун илимий ишмердүүлүгүнүн сапатын жакшыртуу сунуштарын киргизүү, ошондой эле Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте илимий телекоммуникациялык инфратүзүм түзүү жана региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн конкреттүү механизмдерди иштеп чыгуу тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий