• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер-министр Исфана шаарындагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Исфана шаарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу маселени талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, анын кесепетинен административдик мекемелерди жана турак жайларды суу каптаганын маалымдады. Жерине Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу кетти. Учурда селдин ксепеттерин жоюу жана келтирилген материалдык чыгымдын көлөмүн аныктоо боюнча иштер жүрүүдө, электр энергиясын берүү калыбына келтирилди.

Өкмөт башчы бардык мүмкүн болуучу кооптуу аймактарда алдын алуу боюнча иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

«Кыска мөөнөттүн ичинде селдин кесепеттерин жоюу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл. Биринчи кезекте өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиги бар жерлердеги адамдардын коопсуздугун камсыздоо керек. Турак-жайды камсыздандыруу керектиги тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү. Бул табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүүдө маселелерди чечүүгө шарт түзөт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий