• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Премьер-министр: Өкмөт дарыгерлердин макамын көтөрүүнүн үстүндө иштейт

Өкмөт 0

Бишкек, 03.08.18. /Кабар/. Өкмөт дарыгерлердин макамын көтөрүүнүн жана медициналык кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуунун үстүндө иштейт. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, бир катар кыргызстандык дарыгерлер чет өлкөлөрдө, жадакалса Европа, Америкада иштешет.

“Убагында биз дарыгерлерге шарт түзүп бербегенибиз үчүн алар чет өлкөлөргө кетип калышкан. Биз эми алар мекенине кайтып келе тургандай кылышыбыз керек. Калк арасында ден соолуктуу жашоо образын үгүттөө тууралуу маселени көтөрүп чыгышыбыз керек”, - деди Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий