• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Премьер-министр Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кубатбек Боронов белгилегендей, 2020-жылдын башынан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз алдына амбициялуу милдеттерди, анын ичинде, бюджетке түшүүлөрдү жана кирешелерди жогорулатуу, ири өнөр-жай ишканаларын ишке киргизүү боюнча милдеттерди койду.

«Бирок COVID-19 пандемиясы биздин пландарга өз түзөтүүлөрүн киргизди. Кыйынчылыктарга карабастан, биз уруксат берүүчү документтерди алууну, санариптик платформаларды пайдлалануу менен чек аралардагы товарларды өткөрүү процедурасын, салык жана бажы процедураларын жөнөкөйлөштүрүүгө, бизнести жеңилдетилген насыялоо үчүн зарыл документтердин санын кыскартуга багытталган бир катар маанилүү экономикалык реформаларды ишке ашырууну улантуудабыз. Бул чаралар оңдуу жыйынтыктарды көрсөтүүдө», - деди ал.

Кеңешменин жүрүшүндө бир катар маселелер, анын катарында Бизнес-омбудсмендин алгачкы 6 айындагы ишмердүүлүгү, ишкерлер укугун коргоо үчүн жазык-процессуалдык мыйзамына түзөтүүлөр, COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу кризистин кесепеттерин жумшартуу боюнча чаралар, салык жана укук коргоо органдары тарабынан ишке ашырылуучу ишкердик субьектилерин текшерүүгө убактылуу мораторийди кеңейтүү, ошондой эле кичи жана орто бизнестин көйгөйлөрүн жумшартуу боюнча сунуштар каралды.

Өкмөт башчы мамлекеттик органдарга конкреттүү маселелерди талкуулап жана алар боюнча натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу максатында Бизнес-омбудсмен институтунун жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууларды көбүрөөк өткөрүүнү сунуштады.

«Өкмөт ишкерлер үчүн ачык, адилеттүү жана жагымдуу шартарды түзүүгө ар дайым даяр жана кызыкдар. Бүгүнкү күндө кабыл алынып жаткан чаралар таза бизнести колдоого, көмүскө экономика жана корупциялык көрүнүштөр менен күрөш жүргүзүүгө, сергек атаандаштыкты түзүүгө багытталган. Бул максаттарга жетищүү үчүн биз бири-бирибизди колдоого алуубуз керек», – деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр эскерткендей, Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин сунуштарын эске алуу менен Өкмөт тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын соңуна чейинки Иш-чаралар планына түзөтүүлөр киргизилип, бекитилген.

Анын айтымында, Пландын маанилүү чаралары катары ишкердик секторду колдоого алуу жана жагымдуу бизнес-чөйөрөнү түзүү аркылуу өлкөнүн финансылык тутумунун туруктуулугун камсыздоо, салык жана бажы администрациялоо механизмин өркүндөтүү, ишкер субьектилерин жеңилдетилген насыялоо менен камсыздоо, ишкерлердин коммерциялык банктардагы кредиттер боюнча милдеттенмелеринин мөөнөтүн жылдыруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий