• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттик шайлоодо добуш берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Бишкек шаарындагы № 62 мектеп-гимназиясында жайгашкан № 1105 шайлоо участкасында өз добушун берди.

«Республика боюнча 2430 шайлоо участкасы ачылды. Бул шайлоо тилкелери коронавирус инфекциясы пандемиясын эске алуу менен, Кыргыз Респуликасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессин өткөрүүгө даяр. Шайлоо тынч маанайда өтөт деп ишенем. Өз кезегинде Өкмөт ачык, таза жана атаандаш шайлоо өткөрүүгө бардык шарттарды түзүп берет», - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр жарандар жогорку жигердүүлүктү көрсөтүп, шайлоого барып, өлкөнүн келечеги жана өнүгүшү үчүн туура тандоо жасайт деп ишенерин белигледи.

«Бүгүн биз жакынкы беш жылда республиканын саясий күн тартибин аныктоочу партияларды тандайбыз. Өкмөт шайлоочулар добуш берген партиялар менен биргеликте экономиканы өнүктүрүү жана жарандардын бакубаттуулугун жакшыртуу үстүндө иш алып барат», – деди ал.

Кубатбек Боронов эскерткендей, үстүбүздөгү жылы шайлоолор коронавирустук инфекция пандемиясы учурунда өткөрүлүүдө, андыктан, шайлоочулар, комиссия мүчөлөрү, байкоочулар жана укуктук тартипти камсыздоочу жактар санитардык-эпидемиологиялык жана беткап режими талаптарын толук сактоосу тийиштигин белгиледи.

Өкмөт башчы билдиргендей, Кыргыз Республикасында шайлоо процесси санарип технологияларын пайдалануу менен өтүүдө, идентификациялоо –биометрикалык маалыматтардын негизинде, ал эми добуштарды эсептөө автоматтык эсептөөчү урналарды пайдалануу менен жүрүүдө.

«Республикада, санарип технологияларына ылайык, ачык-айкын шайлоолор өткөрүлүүдө», – деди Премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий