• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кубатбек Боронов парламенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү иштеринин жүрүшү талкууланган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жетектеген шайлоо комиссияларын уюштуруу маселелерин кароо жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча иш алып бара турган Республикалык штаб түзүлгөнүн белгиледи.

«Алдыдагы шайлоо мурдагылардан коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда өткөрүлө турганы менен айырмаланат. Бул масштабдуу саясий окуя жогорку деңгээлде уюштурууну талап кылат жана шайлоо участкаларында эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандарга вирустун жугушун алдын алуу боюнча иш аракеттерди көрүү шарт. Биздин алдыбызда шайлоону ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык шарттарды түзүү милдети турат», - деди Кубатбек Боронов.

Учурда 2464 шайлоо тилкеси бар, анын 44ү чет өлкөлөрдө. 54 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлүп, алардын курамы бекитилди (650 аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, 29 837 участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү). Алдын ала тизмеге (24-июлга карата) 3 млн 428 миң 873 адам кирди.

Онлайн режиминде өткөн жыйында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова баяндама жасап, ал жалпы республика боюнча парламенттик шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүү иштери толук кандуу жүрүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, шайлоо участокторунда добуш берүүдө жарандардын дене табы өлчөнүп, жеке коргонуу каражаттары таркатылып, маал-маалы менен имараттар дезинфекцияланып турат жана тийиштүү аралыкты кармануу талап кылынат. Мындан тышкары шайлоо участокторунан тышкары добуш берүүдө жана шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча кампаниянын учурунда текшерүү алгоритми иштелип чыккан.

Кеңешмеде укук коргоо органдарынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери баяндама менен чыгышты.

Премьер-министр мамлекеттик тармактык органдарга, анын ичинде коомдук тартипти, киберкоопсуздукту камсыздоо, уюштуруу маселелерин ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий