• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Премьер-министр: Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда жергиликтүү компанияларга артыкчылык берилет

Өкмөт 0

Бишкек, 27.06.20. /Кабар/. Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда жергиликтүү компанияларга артыкчылык берилет. Бул КР премьер-министри Кубатбек Бороновдун пикиринде, жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү колдоого карай багытталган кадам болуп саналат, деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

«Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр атамекендик өндүрүүчүлөр үчүн көбүрөөк мүмкүндүк ачууга шарт түзөт. Көптөгөн товарлар жана тейлөөлөр чет өлкөдөн тапшырык аркылуу алынбастан, биздин өлкөдө сатылып алынат. Мурда мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда импорттук товарлардын көлөмү көп болгон. Учурда жергиликтүү өндүрүүчүлөр утушка ээ болушмакчы», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Премьер-министр кеңешменин катышуучуларынын көңүлүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн каражаттардын 70% жакыны башка өлкөлөргө кетип тургандыгына бурду.

«Жыл сайын жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулардын көлөмү 60-70 млрд сомду түзөт. Анын ичинен болгону 30% гана жергиликтүү компаниялардын үлүшүнө туура келет. Бирок тескеричинче болушу керек. Чет элдик компаниялар атамекендик компаниялар тийиштүү тейлөөнү, же жумушчу күчүн сунуштай албаган учурда гана тартылышы керек. Биз мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы абалды өзгөртүүгө умтулуудабыз», - деп жыйынтыктады өкмөт башчы.

Премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик сатып алуу процедураларынын ачык-айкындыгын жакшыртуу жана аны өркүндөтүүнүн механизмдерин тыкыр карап чыгып, мамлекеттик сатып алуулар тутумун толук талдоого алуу милдетин койду.

Пикир

Оставить комментарий