• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алгачкы жумушчу кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 21.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда алгачкы жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Өкмөт Аппаратынын бийликтин аткаруу бутагынын ишиндеги, атап айтканда, өлкөнүн жалпы социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү өзгөчө ордун баса белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөттүн жаңы курамынын ишинде мурда бекитилген өкмөттүк программалардагы оңдуу башталыштарды ишке ашыруу улантылат.

Ал вице-премьер-министрлердин жана Өкмөт Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин астында Өкмөттүн жаңы курамынын иш принциби жана артыкчылыктуу багыттарын белгиледи, алардын катарына тийиштүү чечимдерди кабыл алуудагы ачык-айкындык кирет.

Премьер-министр Өкмөт Аппаратынын республиканын мамлекеттик органдарынын ишин координациялоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуудагы ролун күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, Өкмөттүн чечимдерин жана башка ченемдик-укуктук документтерди даярдоодо анын сапатын жогорулатуу зарылдыгы көрсөтүлдү.

Аны менен катар Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн жалпы ишмердүүлүгүндө коомчулуктун пикирин эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенттинин Аппараты жана Жогорку Кеңеш менен тыгыз өз аракеттешүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп кетти.

Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министр Өкмөт Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрүнө ыкчам чечимдерди талап кылган бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий