• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтык милдетин аткарууга киришти

Коом 0

Бишкек, 21.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 21-апрелде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтык милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгын Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисиинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев окуп берди.

Өкмөт башчысын кызмат ордуна тааныштыруу иш чарасына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабеков жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын лидерлери катышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Респбуликасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, элдин жана өлкөнүн гүлдөп өнүгүшү үчүн Өкмөттүн эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылууга бардык күч аракеттерин жумшарына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий