• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Премьер-министр Нарын облусуна иш сапары менен кетти

Өкмөт 0

Бишкек, 11.12.19./Кабар/. КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна иш сапары менен кетти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчы сапардын алкагында «Торугарт» көзөмөл өткөрүү пунктунда инспектордук текшерүү комплекстин ишке киргизүү аземине катышат.

Ошондой эле, өкмөт башчы Ат-Башы районунда курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борборунун пайдубалына капсула салууга катышат.

Пикир

Оставить комментарий