• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер-министр Нарын облусуна жумушчу сапары менен барды

Өкмөт 0

Бишкек, 19-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 18-майда, бир күндүк жумушчу сапары менен Нарын облусуна барды. Жумушчу сапардын алкагында Өкмөт башчы «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр бир катар инфраструктуралык, социалдык жана айыл чарба объектилерин курулуш ишинин жүрүшү жана ишмердүүлүгү менен таанышты. Атап айтканда, Кочкор районунун Кочкор айылындагы мал союучу цехтин курулушунун жүрүшү жана Жумгал районунун Табылгыты айылындагы ветеринардык клиниканын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков Кочкор районундагы жазгы-талаа иштеринн жүрүшү менен таанышып, Баш-кууганды айыл аймагындагы суткалык жөнгө салуу бассейнинин абалы жана Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы суткалык жөнгө салуу суу бассейнинин курулушунун долбоору менен таанышты.

Ошондой эле Премьер-министр Кочкор районундагы Чекилдек айылындагы орто мектептин жана Жумгал районунун Чаек айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшүн көрдү.

Пикир

Оставить комментарий