• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Премьер-министр Нарын районундагы мал союучу цехтин курулушун көрүп кайтты

Аймак 0

Бишкек, 25.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында мал союучу жана жүндү кайра иштетүү менен алектенген ишкананын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирет.

Ишкана Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүндө жайгашкан.

Учурда цехтин жүндү кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк имаратынын курулушу аяктап жатат.

Ишкананын жүндү даярдоо жана кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1000 тоннаны түзөт. Долбоордо кийиз чыгаруучу, атайын бут кийим чыгаруучу цехтин курулушу каралган.

Кийиз өндүрүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулук суткасына 250-300 кг, бут кийим чыгаруу боюнча өндүрүштүк кубаттуулук – суткасына 50-150 даана.

Мындан тышкары суткасына 50 баш ири мүйүздүү жана 150 баш майда мал жандыктарын сойгон мал союучу цех ачылат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, мындай адистешкен баштапкы кайра иштетүүчү объекттердин касапканаларга суроо-талап бар Нарын облусунда курулушу аймакты өнүктүрүү жана жаңы иш орундарын түзүү үчүн маанилүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий