• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Премьер-министр Ош шаарындагы «Таза Жашоо» акциясына катышты (Сүрөт)

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-мартта, «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында Ош шаардык Токтогул атындагы парктын аймагында өткөн ишембиликке катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Ишембилик алкагында шаар мэри Айтмамат Кадырбаев «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында Токтогул атындагы паркты реконструкциялоонун эскиздик долбоорун сунуштады.

Ал маалымдагандай, «Таза Жашоо» кампаниясынын, ошондой эле парктын негизделишинин 100 жылдыгы алкагында, жалпы аянты 9 га болгон парктын арык тутумун реконструкциялоо, жаңы балдар аянтчасын, маданий-көңүл ачуу объектилерин, фонтан комплекстерин куруу жана 500 жакын бак-дарак отургузуу жана башка бир катар иш-чаралар каралууда.

Мындан тышкары, Айтмамат Кадырбаев маалымдагандай, улуттук кампания алкагында Ош шаарындагы 9 скверди реконструкциялоо жана шаардын ар-кыл райондорунун аймагын ирээтке келтирүү жүргүзүлгөн.

Өкмөт башчы бүгүн Бишкек жана Ош шаарларында ишембиликтер өтүп жаткандыгын айтты. «Таза Жашоо» акциясын өлкөнүн ондон ашуун коомдук, жаштар уюмдары, бизнес-ассоциациялары, мамлекеттик органдары колдоого алды. Акцияга эстрада жана кино жаатындагы атамекендик өнөр ээлери кошулду.

«Үч ай бою биз көчөлөрдү тазалап, бак-дарак отургузабыз, өлкөнүн булуң-бурчун ирээтке келтиребиз, анткени, «тазалык жана сулуулук ар-бирибизден башталат. Акция ыктыярдуу мүнөзгө ээ, биз өлкөнүн экологиялык абалына, жаңы экомаданиятты алга жылдырууга көңүл кош карабаган жарандарды жана уюмдарды ага катышууга чакырабыз. Жеке аракеттерибиз менен жаштарга айлана-чөйрөгө, жаратылышка жана анын байлыктарына аяр жана жоопкер мамиле кылууга үлгү болууну максат кылуудабыз», - деди Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, «Таза Жашоо» кампаниясынын алкагында республикада экологиялык семинарлар, форумдар, тегерек стөлдөр өткөрүлүүдө.

Ишембиликтин жүрүшүндө Өкмөт башчы жана акциянын башка катышуучулары көчөт отургузуп, Токтогул атындагы парктын аймагын ирээтке келтиришти.

Премьер-министр ошондой эле Ак-Буура дайрасынын боюндагы көргөзмө аянтынын курулушу менен таанышты, объекттин курулушу жакын арада бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий