• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Премьер-министр С.Жээнбеков Чу дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-мартта, Чүй облусундагы Чу дарыясынын жээгиндеги Бишкек-Нарын-Торугарт жолунунун 26, 44 жана 77 чакырымдарында жүрүп жаткан жээктерди бекемдөө иштери менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбековдун айтымында жаан-чачын көп болгондуктан дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү, өзгөчө кырдаалдардын жаралуусуна алып келүүдө. Ал 2017-жылы Чу дарыясынын жээектериндеги объекттерди бекемдөө иштерине каралган 120 млн сомдун 55 млн сому бөлүнгөнүн, учурда жети объектте бекемдөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Аны менен катар, Чу дарыясынын жээгине дамба жана коргоочу тосмолорду куруу пландары да каралууда.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кооптуу абалдардын алдын алуу үчүн тиешелүү ведомстволор тарабынан 12 участокто жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүү боюнча иштер жасалып жатканын билдирди. Министрлик тарабынан Чу дарыясынын жээгиндеги Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 68 чакырымына бекемдөөчү тосмолор коюлду.

«Ошондой эле аба-ырайынын жылышынан улам, авто жолдун 74-чакырымына ар бири 80 метрден болгон 3 жээк коргоочу тосмо орнотулду. Учурда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 44-чакырымында 185 метрлик дамба куруу иштери уланууда. Мындан сырткары дагы 9 участокто жээктери оңдо иштери журүп жатат», – деди транспорт жана жолдор министри.

Жамшитбек Калилов жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде дагы 11 кооптуу зоналар аныкталганын, аларды коргоонун алдын алууга карата тиешелүү долбоор иштелип чыкканын, азыркы тапта төртөөндө иштер жүрүп жатканын кошумчалап, калган аймактар бир ай аралыгында бүтөрүн билдирди.

«Биз бардык керектүү техникалар менен камсыз болгонбуз. Бул үчүн каражат убагында тийиштүү көлөмдө бөлүнгөн. Бардык иштер өз мөөнөтүндө жыйынтыкталат», – деди ал.

Премьер-министр жээктерди оңдоо боюнча тиешелүү министрликтерге 2017-жылдын февраль айында тапшырма бергенин эскертип, башталган ишти өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды. Аны менен бирге Сооронбай Жээнбеков ӨКМ ишин сынга алып, жээктерди бекемдөө боюнча оперативдүү иштердин жыйынтыгын көрбөй жатканын кошумчалады.

Өкмөт башчы башталган иштерди аягына чыгаруу үчүн Финансы министрлигине калган финансылык каражаттарды убагында бөлүүнү тапшырды.

«Ишти тездетүү үчүн муктаждыктар болуп калса, кошумча каражат бөлүү жагы да каралган. Сунун деңгээлинин көтөрүлүшүн эске алуу менен, Орто-Токой суу сактагычында 2017-жылдын апрель айынын орто ченинде сууну пландан сырткары кое берүү каралган. Ушуга байланыштуу бардык жээктерди бекемдөө иштерин бул мөөнөткө чейин бүткөрүү керек», – деди ал.

Өкмөт башчы тиешелүү министриликтердин ишти өз мөөнөтүндө бүткөрүүгө жана анын сапатына жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун баса белгиледи.

Тиешелүү министрликтерге Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин тездетүү тапшырылды. Ал эми иштин өз убагында аякташын Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү көзөмөлгө алмай болду.

Пикир

Оставить комментарий