• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Премьер-министр С.Жээнбековдун бир тууганы – Кантөрө Токтоматов каза болду

Коом 0

Бишкек, 28-апрель /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбековдордун бир тууган агасы – Кантөрө Токтоматов каза болду.

Өкмөт башчынын агасы КРнын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгынын атайын ооруканасында көз жумду, ал ооруканага инсульттан кийин 17-апрелде түшкөн.

Илимдин доктору, профессор Кантөрө Токтоматов быйыл 70 жашка чыкмак. Ал Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетин жетектеп келген.

Жакындарынын айтымында, жерге берүү зыйнаты эртең, 29-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Телман айылында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий