• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттин м.а., премьер-министр Жапаров Баткен облусунун активи менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустун активи менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Билдирүүгө ылайык, Жапаров анда коомдук саясий абал боюнча айтып, өлкө аймактарына жасаган негизги иш сапары Баткен облусунан башталганын себебин түшүндүрдү.

«Негизги иш сапарымды Баткен жергесинен баштаганымдын эки чоң себеби бар. Биринчиси – Баткен элинин чек арадагы эрдиги, экинчиси – кыргыз элинин сыймыктуу уулу Исхак Раззаковго таазим этүү үчүн келдим. Анткени менин азыркы тагдырым, максатым, иштөө принцибим да Исхак Раззаковдун идеялары менен үндөш. Ал согуштан кийинки ураган башкаруу системасын оңдоону, өлкөнүн экономикасын калыбына келтирип, аны көтөрүүнү колго алган. Менин да тагдырыма өлкөнүн бүгүнкү акыбалы туш келди, тагыраак айтсам, пандемиядан кийинки каржалган бюджет, мамлекеттик башкаруу системасындагы ашыкча бюрократия менен коррупция, башка өлкөлөрдүн бизге туура келбеген «бардак» идеялары, парламенттик, партиялык системадагы баш аламандык орун алып турган мезгилге туш келдим. Жалпы элдин жардамы менен жогоруда айтылган көрүнүштөргө каршы күрөшөйүн деп жатам. Мага силердин колдооңор керек», - деди Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр чек ара боюнча дагы токтолуп, бул маселени чечүү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жүктөлөрүн билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКга өткөрүү өткөрүү боюнча маселе каралып жатат.

«Чек ара маселелери сөзсүз чечилиши керек. Аталган маселе боюнча бардык маалыматтарды алдым. Аны чечүүгө бардык күч-аракетимди жумшайм. Учурдан пайдаланып, губернаторго тапшырма: чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программада белгиленген социалдык объекттер сөзсүз бүткөрүлсүн», - деп баса белгиледи.

Ошондой эле чек арага чектеш жайгашкан Баткен облусун өнүктүрүү боюнча максаттары тууралуу айтып берди.

«Баткендин күрүчү, өрүгү – дүйнөлүк брендге айланышы керек. Ал үчүн айыл чарбасында кластердик системаны киргизип, кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга жардам беребиз. Баткен облусу сөзсүз гүлдөгөн аймакка айланышы керек. Айгүл гүлү менен өрүкзарды көрүү үчүн төгөрөктүн төрт бурчунан адамдар келиши керек. Бул үчүн инфраструктураны жакшыртып, туристтерди тейлөөнүн сапатын жогорулатабыз», - деди Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр облустун социалдык-экономикалык мындан ары өнүгүшүнө, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу суроолорго дагы жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий