• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер-министр салыктык отчеттуулукту электрондук түрдө сунуштоо системасынын иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 10.08.18 /Кабар/. Өкмөт башчы КНС эсеп-фактураларынын серияларын жана номерлерин ыйгаруу, онлайн режиминде маалымат берүүчү функциясы бар көзөмөлдүк-кассалык машиналарды колдонуу жана салык төлөөчүлөргө салыктык отчеттуулукту электрондук түрдө сунуштоо процесстери менен жеринде таанышты.

Салык төлөөчүлөрдүн айтымында, бул инновациялык технологияларды киргизүү аларга убакытты үнөмдөөгө жана салык кызматынын органдарынын өкүлдөрү менен түз байланышты жоюуга шарт түзөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, салык төлөөчүлөр салыктык отчеттуулуктун электрондук түрүнө активдүү өтүп жатышат – мындай салык төлөөчүлөрдүн саны 20 000ден үстүбүздөгү жылы 90 000ге чейин өскөн.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө Башкармалыгына барып, анда электрондук түрдө салыктык отчеттуулукту кабыл алуу тутумунун, ошондой эле ведомствонун түндүк жабдууларынын иши менен таанышты.

Өкмөт башчы белгилегендей, киргизилип жаткан салыктык отчеттуулуктун заманбап технологиялары өлкөнүн салык төлөөчүлөрүнүн салык кызматтарынын органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттешүүсү үчүн кызмат өтөйт. «Адамдык фактордун жоктугу коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга, убакытты жана ресурстарды үнөмдөөгө, фискалдык айкындуулукту жогорулатууга шарт түзөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле өзгөчө белгилегендей, салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү боюнча бардык зарыл чараларды тездетүү, анын ичинде товарларды маркирлөөнү, электрондук эсеп-фактураларын, электрондук патентти жана онлайн көзөмөлдүк-кассалык машиналарды өркүндөтүү кажет.

Бул тутумду киргизүү мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүп, көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартат жана ак ниет атаандаштыкты калыс өнүктүрүү шарттарын түзөт, ошондой эле салык төлөөчүлөргө электрондук кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий