• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Премьер-министр Сокулук районундагы бут кийим фабрикасынын иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 29.09.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында бут
кийим өндүрүү менен алектенген Сокулук районундагы «Империал Групп Компани» ЖЧК өндүрүштүк ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчыга маалымдалгандай, ишкана аркылуу Кыргыз-Россия фондунун көмөктөшүүсү менен өндүрүштү кеңейтүү жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн кончу узун бут кийимдерди жана адистештирилген жумушчу бут кийимдерди чыгаруу үчүн кредит алынып жана кошумча жабдуулар алынган. Долбоордук кубаттуулугу жылына 100 миң жуп аскердик жана жумушчу бут кийимди чыгаруучу өндүрүштүн ишке киргизилиши 2018-жылдын ноябрь айына пландаштырылган.

Долбоор жарандык жана атайы багыттагы бут кийимди өндүрүүгө, ошондой эле европалык деңгээлдеги жеткиликтүү баадагы сапаттуу бут кийимди импорттоону
алмаштырууга багытталган. Премьер-министр өлкө экономикасын өнүктүрүүгө салым кошуучу мындай долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Атамекендик өнөр жайды өнүктүрүү, жаңы өндүрүштөрдү ачуу зарыл. Мындай башталыштарга өлкө Өкмөтү өз кезегинде ар кандай колдоолорду көрсөтөт. Ар бир аймак өз потенциалын эске алуу менен өнүгүүгө тийиш. Бекитилген Аймактык өнүктүрүү концепциясынын алкагында биз өнөр жай өндүрүшүн, отун-энергетикалык жана агрардык өнөр жай тармагын өндүрүүгө ниеттенүүдөбүз», - деп кошумчалады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Маалымдама: «Империал Групп Компани» ЖЧК фабрикасы 2017-жылы февралда ишке киргизилген жана бут кийим чыгарууга адистешкен. Бул робортторду жана санариптик технологияларды (Италия) колдонгон заманбап атамекендик өндүрүш. Материалдар жана комплектөөчү буюмдар Россия, Италия жана Түркиядан ташылат, алар бардык стандарттарга жооп беришет, сапатына жана экологиялык коопсуздугуна кепилдик берилет.

Учурда мында 40 адам иштейт. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу - айына 3 миң жуп бут кийим чыгарат. 2017-жылы жалпы суммасы 52,7 млн сомго 19,5 миң жуп бут кийим чыгарылган. 2018-жылдын 8 айында бюджетке 1086,9 миң сом суммасында салык төлөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий