• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2016-жылы Кыргызстандын ИДП 3,8% өскөн

Өкмөт 0

Бишкек, 8-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Эл аралык валюта фондунун Эдвард Джэмайэль башында турган миссия менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кезигишүүдө тараптар өлкөнүн буга чейин жетишилген экономикалык көрсөткүчтөрүн бекитүү, банк, каржы жана насыя тармактарындагы мыйзамдарды жаңылоо, мындан сырткары республиканын экономикасын өнүктүрүүдөгү Өкмөттүн кадамдуу узак жана кыска мөөнөттү максаттары тууралуу сүйлөшүштү. Акыйкаттуу салык системасын түзүү менен сырткы инвестицияларды тартуу, мамлекеттик бюджетти консолидациялоо жана бюджеттин чыгашаларын оптимизациялоо зарылчылыгы белгиленди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн жана башка мамлекеттик башкаруу органдарынын аракеттеринен улам өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү жакшырып, өнөр жайдын ички дүң продукцияга энчи жогорулаганын канааттануу менен белгиледи.

“2016-жылы Кыргызстандын ИДП 3,8% өскөн. Ишкерчиликке төмөндөтүлгөн үстөк пайыз менен насыя берип келе жаткан Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду өз ишин ийгиликтүү улантууда. Ошондой эле “Айыл чарбасын каржылоо – 5” программасынын алкагында жергиликтүү фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берүүдө”, – деп Өкмөт башчы кошумчалады.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Өкмөт жетишилген жыйынтыктарды эске алуу менен экономикалык жана социалдык реформаларга багытталган комплекстүү программаларды ишке ашыруусун улантат. Ал эми ата мекендик өндүрүштү кайра калыбына келтирүү приоритеттүү багыттардын бири.

Пикир

Оставить комментарий