• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 8-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министрдин куттуктоосун келтиребиз:

Урматтуу айымдар!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Сиздерди 8-Март Аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Аял заты, эне – баарынан ыйык, жашоонун башаты, үйдүн куту, очок ээси. Энеге болгон урмат-сый турмуштун маңызын арттырып, жашообузду көрккө бөлөп турат. Эненин мээрими аркылуу жашоодо тынчтык жана бакыт өкүм сүрөт.

Кыргыз айымдары ар дайым өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн зор салым кошуп келишкен. Азыркы учурда дагы ушул улуу жөрөлгөнү Сиздер татыктуу улантып жатасыздар.

Сиздерге чың ден-соолук, жаркын маанай каалайм. Бардык үй-бүлөдө ырыскылуу бакубат жашоо болсун! Ар бир күн Сиздерге бакыт жана кубаныч тартууласын.

Пикир

Оставить комментарий