• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

С. Жээнбеков: Аймактардагы алыскы айылдарга тоскоолдуксуз мүмкүндүктөр болушу зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-мартта өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу чаралары боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчысы аба ырайынын өзгөрүшү менен өзгөчө кырдаалдар түзүлүп жаткандыгына байланыштуу өлкөнүн аймактарында профилактикалык иштерди жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ӨКМ ыкчам маалымдоосуна убагында көңүл буруу максатында аймактрада транспорт жана жолдор министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чаралары тууралуу иштеп жаткандыгын кошумчалады.

«Транспорт жана жолдор министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактардагы алыскы айылдарда тоскоолдуксуз мүмкүндүктөрдүн болушун камсыз кылуу боюнча иш алып барышы зарыл. Алыскы аймактардын тургундары өздөрүн сырткы коомдон алыстан калгандай сезбей, бардык жардамдар менен убагында камсыздалып турушу керек. Аны менен бирге жарандар үзгүлтүктүз өтүп турушу үчүн коопсуз жол кыймылы менен камсыз кылуу кажет», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу максатында аймактардагы кооптуу абалдардын иликтеп, мониторинг жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымат берди.

«Учурда Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндө кардын калыңдыгынан байланыш үзүлүп калган малчыларды куткаруу иштери жүрүп жатат, бул иш азыркы тапта ошол жакта жүргөн Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун жеке көзөмөлүндө. Азык-түлүк жана жылуу буюмдар жүктөлгөн эки камаз жүк бүгүн Ак-Сайга жеткирилет. Мындан сырткары карды тазалоо иштерине Кыргыз Республикасынын Коргоо комитетинин техникалары тартылды», – деди Калыс Ахматов.

Анын маалыматында азыркы тапта атайын техникалар жетиштүү деңгээлде иш алып барууда, алардын бардыгы күйүүчү майлоочу майлар менен камсыз болушкан. Азыр Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы жол жабык бойдон калууда. Аймактагы экинчи даражадагы жол учурда тазаланып жургүнчүлөр убактылуу өтүүгө шарт түзүлдү.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өз ведомствосунда өзгөчө кырдаалдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам, план боюнча иш чараларды өткөрүп турууну жана калктын бул шартта коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий