• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Исламабад шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышууда

Өкмөт 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-мартта, Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-Саммитине катышууда. Ал аталган саммитте сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Саммит катышуучулары – мамлекет башчылары жана катышуучу өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары: Иран, Пакистан, Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Афганистан,Тажикистан, Туркмөнстан жана Өзбекстан менен приоритеттүү тармактарда кеңейтилген аймактык кызматташтык боюнча пикирлерин бөлүшүүдө жана бир катар актуалдуу маселелерди талкуулоодо. Бүгүнкү ЭКУ саммиттине төрагалык Азербайжандан Пакистанга өттү. Самиттин ишинин жыйынтыгында Исламабад декларациясы кабыл алынат. Саммитте Иран, Турция, Түркмөнстан жана Азербайжандын президенттери катышууда.

ЭКУ бүгүнкү саммитинде төрагалык Азербайжандан Пакистанга өткөрүлдү. Жумуштун жыйынтыгы боюнча Исламабад декларациясы кабыл алынат.

Эске салсак, кечээ, 28-февралда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жетектеген делегация Исламабад шаарына келген. Делегация курамында: экономика министри Арзыбек Кожошев, Кыргыз Республикасындагы ЭКУ туруктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Авазбек Абдуразаков, Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Бейшембиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, тышкы иштер министринин орун басары Азамат Усенов, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубан Мырзаканов бар.

Маалымдама: ЭКУ 1985-жылы түзүлүп, регионалдык кызматташуу жана өнүгүү уюмун улантуучу болуп саналат. Кыргызстан уюмга 1992-жылы мүчө болгон. ЭКУ 1977-жылы март айында үч негиздөөчү мамлекет: Түркия Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Иран Ислам Республикасы тарабынан кол коюлган Измир келишиминин-Уставынын негизинде иш алып барат.

ЭКУ негизги милдеттери болуп экономикалык өнүгүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүү, илимий-техникалык, социалдык-маданий жана экономикалык кызматташтыктык алкагында мамилени бекемдөө, чарбалык мамилелерди чыңдоодо дүйнөлүк системаны жакшыртууда ырааттуу интеграцияны камсыз кылуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий