• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кара-Буура районундагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 9-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-мартта Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Буура районун Сатыкей айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, билим берүү тармагына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар жылдан жылга көбөйүүдө. Азыр республикалык бюджеттин 19,2% билим берүүгө жумшалат. Эгерде 2010-жылы билим берүүгө 12 млрд сом бөлүнсө, 2016-жылы бул сумма 28,2 млрд сомго чейин көбөйтүлгөн.

«Бул каражаттар баарынан мурда республиканын региондорунда жаңы мектептерди курууга, окуу китептери менен камсыздоого, педагогикалык кадрларды толуктоого, компьютерлер жана эмеректер менен жабдууга багытталган. Өлкө Президенти Алмазбек Атамбаев айткандай, 2017-жылы Кыргызстанда бир дагы авариялык абалдагы мектеп болбойт. Билим берүү тармагына салынган каражаттар келечекте өз жемишин берет деп ишенем», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр аталган мектептен келечекте өлкө экономикасын көтөрө турган билимдүү бүтүрүүчүлөр чыгарына үмүт артты.

Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кара-Буура райондук ооруканасынын жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ооруканын башкы дарыгери Нурдин Сарымсаков маалымдагандай, үч жаңы бөлүм ачылган оорукананын имараты 1957-жылы түптөлгөн. Бүгүнкү күндө оорукананын имараты авариялык абалда болуп, капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жараксыз. 25 орунга ылайыкталган жаңы медициналык мекеменин имаратынын курулуш иши 2014-жылы башталган. Долбоордун сметалык наркы 53 млн. сомду түзөт. 2017-жылдын 1-январына карата республикалык бюджеттен бөлүнгөн 24,8 млн. сом иштетилди.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы Өкмөт курулушу бүтпөй калган социалдык объекттерге, анын ичинде ушул мекеменин да имаратын бүткөрүүгө басым жасай турганын билдирди.

Аны менен катар Премьер-министр 1978-жылы суткасына 50 миң тонна көрсөтүлгөн кубаттуулуктагы сүттү кайра иштетүүчү «Арашан» майда кайра иштетүү заводуна барды. 1996-жылы «Арашан» ачык акционердик коом болуп кайрадан түзүлгөн.

Азыркы учурда сыр өндүрүү көлөмүн арттыруу үчүн Россияда чыгарылган жабдуулар орнотулууда. Аталган жабдуулар ишке киргенден кийин, 80 адам жумуш менен камсыз болот. Жаңы жабдуулардын ишке кириши менен ишкана суткасына 70 тонна сүттү кайра иштете алат.

Өкмөт башчы ишканын кампасын, өндүрүш цехин жана муздатуучу бөлмөлөрүн көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий