• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Нооруз» майрамына арналган майрамдык иш-чарага катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 21-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтында «Нооруз» майрамын майрамдоого арналган майрамдык иш чарага катышты. Ал кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, «Нооруз» майрамын майрамдоонун алкагында «Ала-Тоо» аянтында Кыргыз Республикасынын искусство чеберлеринин жана эстрада аткаруучуларынын театрлаштырылган оюн-зоок жана концерттик программасы тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий