• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде жол кыймылынын коопсуздугу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, жакынкы арада Президент Алмазбек Атамбаев жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу жыйын өткөрөт жана анда жол кыймылынын коопсуздугундагы маселелерди чечүү боюнча комплекстүү чаралар каралат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Коргоо кеңешине, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдарга жыйынга даярдык көрүү боюнча тапшырма берилген.

“Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2017-жылдын биринчи кварталында жол кырсыктарынын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 13% көп болгон. Азыркы учурда жол кырсыктарынын көбөйүшүнө жана жолдордогу кырдаалдар боюнча коомчулук тарабынан нааразычылыктар айтылууда. Эки окуучу менен болгон окуяны эле эске алсак, бул өлкөдөгү жол кырсыгындагы көйгөйдүн туу чокусу болуп саналат. Патрулдук милициянын башкы башкармалыгы түзүлүп, айып пулдардын өлчөмү жогорулашына карабастан жолдордогу кырдаал өзгөргөн жок. Бүгүн жол кырсыгынын 80% айдоочулардын күнөөсүнөн улам болот. Бирок аларды көзөмөлдөп, жоопкерчиликке тарткан орган жок болгондуктан, алар өздөрүн күнөөсүз сезип, жазаларын албай келишет”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министрдин айтымында, “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашпай жатышына жарандар нааразычылыгын билдирүшүүдө. Учурда ал долбоор боюнча соттук териштирүүлөр жүрүүдө. Дал ушул себептен улам долбоор ишке ашпай келет.

“Албетте, жолдорго фото жана видео каттоочу камераларды орноткон соң жол кырсыктарынын саны азаят. Ал эми “Таза Коом” долбоору болсо жол эрежелерин бузган айдоочуларга тийиштүү көйгөйдү чечүүгө жардам берет. Анткени тартип бузууларды ыкчам аныктап жана профилактика ишин жүргүзүү менен коомдук коопсуздукту камсыз кылат”, – деди Сооронбай Жээнбеков.

Ички иштер министри Улан Исраилов маалымдагандай, 2017-жылдын үч айында Кыргызстанда 1 169 авто кырсык катталган. Анын кесепетинен улам 148 адам каза болуп, 1 886 киши жарат алышкан. Балдардын катышуусу менен 204 кырсык катталып, андан 8 бала каза болуп, 221 наристе жапа чеккен. Кыргызстанда көбүнесе кырсыктар жогорку ылдамдыкта жүргөндүгү үчүн жана каршы жолго чыгуудан улам болот.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров белгилегендей, айдоочуларды окуткан автомектептердин сапатына көңүл буруп, алардын ишинде кандайдыр бир бузуулар болсо аныктоо иши жүргүзулүшү зарыл. Мындан сырткары айдоочулук күбөлүгүн жана кийинки айдоочулук категориясын ала турган жарандардарга катуу көзөмөл болушу шарт.

Ошондой эле шаарда такси айдоочуларын жана маршруттук таксилердин ишин көзөмөлдөө боюнча тийиштүү механизмдерди иштеп чыгуу керектиги айтылды. Бүгүнкү күндө маршруттук такси кызматтарына айдоочуларды тандоо, алардын автоунаасынын абалын жана ден соолугун көзөмөлдөгөн органдын жоктугу да эске алынышы керек.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир жумалык мөөнөт менен тийиштүү мамлекеттик органдарга жана түзүмдөргө жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу комплекстүү чараларды иштеп чыгуу боюнча сунуш киризилиши керектигин тапшырды. Аталган сунуштар кийинки жумушчу кеңешмеге киргизилип, анын жыйынтыгы менен бекитилген комплекстүү чаралар өлкөнүн Президенти Алмазбек Атамбаевдин кароосуна сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий