• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Премьер-министр Т.Сарпашевдин кызматынан убактылуу бошотуу өтүнүчүн канааттандырды

Өкмөт 0

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Тайырбек Сарпашев ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишинин аралыгында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан “Кабар” агенттигине билдиргендей, КРнын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевичти ага карата жазылган арызга байланыштуу түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын иши учурунда КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруудан убактылуу бошотту.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруу убактылуу МКК төрагасынын орун басары Күмүшбек Шамкановго жүктөрдү.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасынын МККнын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кызматтан алуу тууралуу көрсөтмөсүн кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ КРнын премьер-министринин буйругу менен түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий